SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Махабат Касейинова болмокчу.
Мекенге
Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды,
Мекен-ата, айта берип дартымды.
Сурабапмын сендеги абал кандайын,
Сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды...
Миңи келди миң бир түрлүү сүйлөдү,
Бирок сага бири чындап күйбөдү.
Кайдан таап кантип кадап бере алам,
Кымкабыңан катар түшкөн түймөңдү?!
Арыздансаң, айтсаң көптүр арманың,
Көркүң кетти тытмаланды жан-жагың.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
Сени бүтүн сакташса дейм балдарым.
Уулум, кызым менден сага аманат.
Качандыр бир карлыгачтай сабалап.
Жаным сенин асманыңда айланып
Денем сенин кучагыңдан жай алат.
Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,
Сени бүтүн сакташса экен балдарым.
Сынашабы, коңшу-колоң, ким билет?
Сырттан карап, коомай көзүн тигишет.
Бул колдорум калем кармап, ыр жазган,
Күл чыгарып, от жакканды билишет.
Апам жагып, биз турганча үй ысып,
Анда бизге оюн эле эң кызык.
Жашап келем, эми мен да балам деп,
Жашап келем түйшүк тартып тырмышып.
Көөдөнүмдө көбү билбес кош санаа,
Жан дүйнөмдө ыр жазбасам бош калам.
Апам мен дейт, а мен таңдан ойгонуп,
Кызым үшүп калбасын деп от жагам.
Айыл, турмуш, азан-казан, дүйнө, күн,
Ай чапчыган сезимдер жок менде бир.
Асылдыктан аласалып баратам,
Акындыгым билесиңби сен деги?
Күндө ушул, күткөн нерсем белгисиз,
Күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.
Үй турмушу - үңүлдөгөн бир дүйнө,
Калем сынат, жазыла албай ыр калат.
Бирөөлөрдүн айтып үйүн, бак-шагын,
Бирөөлөрдүн санап дүйнө, мал-жанын.
Элдин шары менен жашап үйрөндүм,
Элестете албастырсын калганын...
А ырларчы, мунарыктайт алыстан,
Алда неге таарынгандай карашып...
Анда-санда көз саламын ага да,
Айнектердин чаңын сүртүп баратып.
Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшсө да,
Мендеги ойлор билем бир күн биригет.
Айнек сүртүп, алыстарга тигилип,
Акындыгым эске түштү бул ирет.
Чеховду окуп олтурам
Көркөмүн ойдун издөөгө,
Көк асман беттеп кол сунам.
Башка ишим деле толтура
Чеховду окуп олтурам.
Кошунам келдиң кечте сен,
Баягы сөзүң бүтпөгөн.
Кыжаалат боло карадым,
Кыжырга толгон жүз менен.
Анымды деле байкабай,
Агытып сөздүн чабытын.
Кайнене-келин кармашын
Абысындардын чабышын...
Балдардын камы, нан-чайы,
Коңшумдун сөзү кайдагы.
Чеховду окуп олтургам,
Калтырдым экен кайда аны?
Түгөнбөс ойдон күндө миң,
Түгөнүп барат күлгөнүм.
Ордосу менин үй-бүлөм
Ортосу менмин дүйнөнүн.
Ансайын тилим күрмөлө,
Айткым бар эми бирдеме.
Айтсаң айт Чехов тууралуу
Айтпасаң анда сүйлөбө!
Күттүрүп көпкө саргайтып,
Көктө бир жылдыз жангансып.
Чеховду окуп олтурам
Башка ишим бүтүп калгансып...
Айыл, тагдыр, азыноолак оокат-жай,
Ай чапчыган сезим кайда мендеги?
Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү,
Акындыгым билчү белең сен деги?
Дүйнө - күн
Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,
Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө.
Аргымактын алыс чабар багытын
Албай жүрөт айрымдары көңүлгө...
Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ,
Бүтпөс сапар билбейм качан башталган?
Жаңы багыт жарата албай өзүбүз
Жолду басып келатабыз тапталган.
Алгач келип бул дүйнөгө жаралып,
Ата-энеден алган кезде жаңы ысым.
Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн,
Билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.
Жолугарсың сени билбес жандарга,
Баалай албас адамдарга жолдогу.
Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамды
Ак тилегиң арнап койчу болгону!
Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн,
Ойлонгонум аалам, асман жөнүндө.
Сен сен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,
Мен мен бойдон калсам экен көңүлдө!..