Поэтерапия: "Жараткандан өмүрлөшүң болууга, Жарым түндө сурап алдым батасын"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Сайра Батыркулова ырлары тууралуу кеп салды.

Сайра Батыркулова акын, журналист, актриса. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында 1980-жылы жарыкка келген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин актёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Чүй облустук куудулдар театрында баштаган. 2004-жылдан тартып радио тармагына аралашып, журналистикага өткөн. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, КТРКнын отличниги, "Сүйүү көктөмү" ыр жыйнагынын автору, "Коргоол" китебинин түзүүчүсү. Бир топ ырларына обон жаралып, ырдалып жүрөт. Чүйдүн келини, төрт баланын апасы.

Сен мендиксиң

Сен мендиксиң! Сен мендиксиң себеби,
Ашыктыктын тартып бүттүм жазасын.
Экөөбүзгө сен көрсөткөн жылдыздын,
Жарым түндө сурап алдым батасын.

Сен мендиксиң! Жаштык кылып жаңылып,
Балким, азыр туюна албай жатасың.
Бактың болуп мен тууруңа конгондо
Түзөтөөрсүң кемтигиңдин катасын.

Сен мендиксиң! Башкы себеп махабат,
Сен уу болуп, мен уладым жаш жаным.
Өз бактымдын пайдубалын курууда,
Жол бошотпойм бактысына башканын.

Сен мендиксиң! Сен мендиксиң себеби,
Ашыктыктын тартып бүттүм жазасын.
Жараткандан өмүрлөшүң болууга,
Жарым түндө сурап алдым батасын.
Сен мендиксиң!

Бул ыр 2003-жылдары бойдок кезде жолдошума арналып жазылган. Биз экөөбүз 5 жыл бир факультетте, бир тайпада чогуу окуганбыз. Кийин театрда да чогуу иштедик. Ал кезде ошондой романтик окшойбуз да, театр жайкы бир айлык эмгек өргүүгө тарап, айылына кетип баратып "эгер мени сагынсаң тигил жылдызды кара, мен да сени сагынганда ошол жылдызды карайм" деп бир жылдызды көрсөтүп кеткен. Ошондо жазылган. Адатта мырзалар мендик кылам, алып кетем деп жазышат эмеспи. Курбуларым "сен мендиксиң деп жүрүп өзүмдүк кылдың э" деп тамашалап калышчу. Балким, сөздүн күчүбү же чындап сурангам белем кийин биз баш коштук. Бул ырга обон да чыккан, бирок ырдалган жок.


Апа болуу

Аял болуу, аяр болуу, жар болуу,
Түгөй болуу кыйын десем алганга,
Азабы көп, милдети арбын миң ирет,
Апа болуу кыйын экен андан да.

Кышпы аяздуу же көктөмбү гүлдөгөн,
Ар бир таңда кошо ойгонгон күн менен,
Апалардын түгөнбөгөн түйшүгүн,
Өзүм апа болмоюнча билбегем.

Кең далысын калкан кылып атамдын,
Эх балалык, түрүн жасап катанын,
Тентек элем, эркелиги чекте жок,
Азыр өзүм тентектерге апамын.

Мээнет тартып, чарчаса да гүл өңүм,
Бүтүндүгүн тилеп бүгүн бүлөмүн,
Жараткандын жакшылыгын көп сурап,
Төрт балама төрт бөлүнөт жүрөгүм.

Кичүүсү эрке, күчүк менен жытташып,
Мактоо менен жеген ашы үч кашык.
Оюн курат үйдөн сүйрөп эшике,
Колго тийген чака, чөмүч бүт ташып.

Куурчак ойнойт, бири барып жүк чачып,
Унут кылсаң ашканаңда сүт ташып.
Жарма, нанды жасап, кириң жууганча,
Тызылдатат ишиң бүтпөй күн батып.

Улуусу кыз, угуу милдет талабын,
Кичүүсүнүн окуйм кошо сабагын.
Чолоо тийбей жоолугумду оңдоого,
Күйпөлөктөйм колдон түшпөй казаным.

Бойдок кезде кантип жалгыз жашадым?
"Апа" болуп арууландым тазардым,
Алар жокто үйүм үйгө окшобойт,
Балдар менин бакыт тапкан базарым.

Билбейм канча, жеңилгеним, жеңишим,
Балдар менен толук билем өрүшүм.
Апа болбой, аял болсом жөн гана,
Куру болмок бул өмүргө келишим.

Бул акыркы жылдарда жазылган ыр. Эки кичинекей балам удаа төрөлүп, төрт бала менен төрт жыл үйдө отуруп калдым. Жер үйдө жашайбыз түйшүк көп, камыр жууруп нан бышырам, кичинекейлердин кирин кир жуучу машинага салбай колго жууйм, жайкысын такай жарма жасайм, кичүүлөрү кой-айга түшүнө элек тентек. Улуулары бой жетип мүнөз күтө башташкан. Кээде чын эле күйпөлөктөп атып кантип кеч киргенин сезбей да калам. Балам балалуу болгондо билесиң дегендей, ушул жылдары алтообузга өмүр берип чоңойткон, басса-турса балдарына бата тилеген апамды көп ойлодум. Албетте, балдар менен үйдө отурган жалаң эле түйшүк эмес ырахат дагы. Балдардын жүрөктү эзген кылыктары жашагыңды келтирет. Апа болуу бул чоң бакыт.


Шамал…

Ойлор менен алп урушуп жарышкан,
Жалгыз элем, шамал улуп алыстан.
Көз ирмемде баарын көккө сапырды,
Каарданып каптап келип капыстан.

Бак-дарактар турса дагы калтырап,
Долуланып шамал улам аркырап,
Жанын кыйнап ташка, тоого урунду,
Бөксөрбөгөн бир ызасы барчылап.

Улуп уңшуп, арман айтты, ким билет,
Катуулаган сайын улам күркүрөп,
Кечээ таңда көзү ачылган бечара,
Кулап жатты гүлдөр сулап үлбүрөк.

Ызаланып жоготкондой жарыгын,
Издегендир, балким, өрөөн-жайыгын.
Билбейм, балким, батыралбай көөдөнгө,
Айтып келди айсыз түнгө айыбын.

Уюлгуду… баарын бойго топтоду,
Шамал улуп кимди мынча жоктоду.
Буркан-шаркан түшүп ыйлап далайга,
Чарчагандай анан көптө токтоду.

Тыңшап үйдө, тынчы кеткен шамалды,
Тар бөлмөдө өзгөртө албай абалды.
Тизгин үзүп кетким келди мен дагы,
Түшүнчүдөй шамал гана чамамды…

Шамал менен мендеги бир окшоштук,
ызабызды көптө араң токтоттук.

"Шамал" деп аталган бул ыр акыркы эки сабында айтылгандай, ички бурганакты туюнткан ыр. Бир таарынычтан жаралган. Мунун "Жамгыр" деген уландысы да бар. Экөөндө тең ички абалымды табиятка салыштырып жазгам.


Эки дүйнө

Бир дүйнөмдө тоо уратчу жанардай,
Бир дүйнөмдө көңүл, көөдөн агарбай,
Кээде бүтүн, кээде экиге бөлүнүп,
Өмүр сүрөм эки бөлөк адамдай.

Бири токтоо, бири толкун жиреген,
Бири сүйүү, бири тынчтык тилеген.
Бириге албас эки дүйнө, бир мезгил,
Бирине күз, бирине жаз түнөгөн.

Бири мокок, чөгүп, кейип кайгырып,
Өтүмү жок, бар дүйнөдөн айбыгып,
Ак жибектен көйнөк кийип а бири,
Сезим менен жашайт кышты жай кылып.

Бири күлүп макул болсо бүгүнгө,
Нөшөрлөгөн жамгыр төгөт биринде,
Бир дүйнөмдү кеп кылышып көпчүлүк,
Бирин эч ким билбес, аттиң, тирүүмдө.

Жазбы, күзбү? Өлчөм канча ким билет,
Жашап бүтсө жалп деп өчөөр өмүр от.
Жандар билбес жарык дүйнөм бир күнү,
Өзүм менен кабырыма көмүлөт.

Жашоодо жан дүйнөм каалаганды кыла албаган, өзүмдү чектеген учурларым көп. Аялдык табиятым, алган тарбиям мени сыртымдан токтоо кылып көрсөткөнү менен ички дүйнөмдүн аба ырайы таптакыр башкача. Бул ырда ушул абалды сүрөттөгүм келген.



кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bikosh2015
2021-04-02 16:10:18
Кучтуу жазылган ыр саптар экен. Азаматсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан