Поэтерапия: "Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим... Тек гана терикпестен күлүп туруп"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

14-январь Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 1-даражадагы "Манас" орденинин ээси Байдылда Сарногоев жарыкка келген күн. Ал 1932-жылы Талас районуна караштуу Буденовка айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-1973-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Байдылда Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчётум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.


1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Ал тирүү болгондо 14-январда 89 жашка чыкмак. Мындан улам SUPER.KG порталы акындын ырларын окурмандарга сунат.

КАЛА БЕРДИ

Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим...
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.

ЖАШТАРГА

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

“Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда”.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.

БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР

Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Урук, уруу керек чыгар кезинде...
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар...
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Эл байлыгын не кылсам да өзүмө...
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.

Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева учурда алыскы Италия өлкөсүнүн Фолиньо деген шаарында жашайт. Ал буга чейин SUPER.KG порталына маек берип жатып, атасын төмөнкүдөй эскерген.

"Ыр жазгандан сырткары комуз черткенди абдан жакшы көрчү. Кайгылуу күү черткенден кийин көпкө чейин биз менен сүйлөшпөй, иш бөлмөсүндө отура берер эле. Балким терең ойго батып, башынан өткөн бир кайгысын ойлоп жатса керек деп калчумун.

Шаңдуу күү черткенден кийин бизди чакырып, ар кандай жанды жыргаткан сөздөрдү айтып берчү. Мындан улам атакем күүлөрдү маанайына карап тандап чертет деп ойлоп калчумун. Атам экөөбүз анын иш бөлмөсүндө түшкөн сүрөттү таберик сүрөт деп эсептейм".

Азыркы тапта Гүлсана Сарногоева акындын ырларын көркөм окуп, элге жеткирүү аракетинде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MIRBOLOT
2021-01-15 20:42:15
Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө,
Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө.
Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө,
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.

Кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөм,
— Билбеймин,- дейт, сурап көрсөм жеңемден.
Кайдан билсин, мен оозанып жатканда,
Он бештеги келин экен кедейген.

Не болсо да, жашсыз адам болобу…
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын,
Же төмөндүр, же кеткендир жогору.
+2
MIRBOLOT
2021-01-15 20:47:41
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек.
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан