Поэтерапия: "Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол кыргыздын жигиттери"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бүгүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күн 2003-жылдан тарта календарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган.

Бул жолу "Поэтерапия" рубрикабызда мекенди коргоого, сүйүүгө, ардактоого чакырган бир нече ырларды топтодук.

Кыргыз жигиттерине

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

Автор: Байдылда Сарногоев

Мен кыргызмын!

Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен - кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек,
Ар күн сайын "Чоң казатка" аттанам.

Мен - кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм,
Кырчылдаган "КЫРГЫЗ" деген жакшы аттын!

Мен - кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен - кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен - кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да,
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

Автор: Зайырбек Ажыматов

Кыргызстан

Бирөө жүрсө байлык издеп турмуштан,
Бирөө жашайт бакыт тилеп жылдыздан.
Башкаларды билбейм, бирок а менин,
Байлыгым да, бакытым да - Кыргызстан!

Асыл дүйнө таппай ачуу турмуштан,
Адамдар бар аруулуктан жылмышкан.
Андайларды билбейм, бирок а менин,
Ар-намысым, абийирим да - Кыргызстан!!

Өз керт башын ойлоп такка тырмышкан,
Өкүмдардын көбүн көрдүк турмуштан.
Өзгөлөрдү билбейм, бирок мен үчүн,
Өйдө турат бүт баарынан Кыргызстан!!!

Автор: Алтынбек Исмаилов

Мен уулумун Ата Журттун эгемен

Эзелкидей тоо жаңыртып дүбүртүм,
Келген душман айбатымдан түңүлсүн.
Керт башымдын кызыгына байланбай,
Эки бутум Мекен үчүн жүгүрсүн.

Ата-бабам айткан эмес бекерден,
Мекен – жаның, Мекен – сенсиң, Мекен – мен.
Өсө турган накта кыргыз жигити,
Баркын, баасын табуу керек өз элден.

Өмүр бою боло бербей ак карга,
Жол ачкыла өсө турган жаштарга.
Улут, Мекен, эл-журт деген ыйыктык,
Кордолбосун өздөн чыккан жаттарга.

Жаза басса тулпар буту тушалат,
Жалгыз канат көккө кантип учалат?
Калк ичинен өчпөй турган ынтымак,
Үй-бүлөнүн очогунан тутанат.

Касташкандар кайыш тилсе денемен,
Карап турам башты салып неге мен?
Душмандарым кайра экинчи кайрылбас,
Мен уулумун Ата-Журттун эгемен!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

Мекеним, сага келдим!

Мекеним, сага келдим!
Алоолонгон от болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн,
Жетпесем да баркыңа чанып кетпей.

Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн,
Эхх, мекеним, сага келдим!
Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюуга.

Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз,
Кыйын күндө кармаган туу колуна.
Эхх, Кыргызстан, мен сага келдим!
Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн.

Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн,
Сен деп келген сапардан артка кайтпайм.
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!
Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,

Аманатың талаага таштабаймын,
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып.
Ар ишиңди “аттиң” деп баштабаймын,
Ар бир кыргыз туулуш керек акыйкат кураганы.

Куу-шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!
Канчалаган душманды баскандырсың.

Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар.
Эхх, Кыргызстан, сен менде жапжалгызсың!
Сенде билем миллион мендей жан бар,

А сен менде жапжалгызсың!
Мекеним, сага келдим...

Автор: Акбар Кубанычбеков

Тууган эл жөнүндө толгоо

Менден жашы кичүүлөр,
Менден жашы улуулар.
Киндик кескен ушул жер,
Баарыбызды сулуулар.

Арманын айтып бүтпөгөн,
Аталар өткөн жер дечи.
Ойлосоң жүрөк түтпөгөн,
Апанын мында мүрзөсү.

Келиндин кыйбас төркүнү,
Жигиттин туулган жергеси.
Тагдыр үчүн күн-түнү,
Күрөштө өскөн эр дечи!

Гүлүңө окшоп кырдагы,
Кыздарың бар көрк үчүн.
Аскаңа окшоп бүт баары
Уландар туулган эрк үчүн.

Уялап алган көңүлгө,
Урматың артык өмүрдөн.
Үйрөнгөн жанбыз жеңүүгө,
Уулум деп сүйбө, жеңилсем.

Жапырбас бирөө дит чыдап,
Шүүдүрүм мончок чөбүңдү.
Досумдай сени кучактап,
Шаттыкка бөлөйм көңүлдү.

Баркыңды кантип сүйбөйлү,
Балындай татыйт сууң да.
Кадырың кантип билбейли,
Каныбыз бар го тууңда!

Автор: Түмөнбай Байзаков

Биздин жол

Колдо курал, жондо милдет, жол узак,
Ата - энеге сагынычтуу ой узап.
Басчу жолун басып бүтсө эскилер,
Ар намыстуу жаштар сапка кошулат.

Биз, жоокерлер сапка туруп ар таңда,
Ала-Тоону даңктап обон салганда.
Коштоосунда мамлекеттик гимндин,
Кызыл желек көтөрүлөт асманга.

Командирдин буйруктарын так, анык,
Роталарга бөлүштүрүп такталып.
Сыймык менен тапшырманы жасайбыз,
Так жана эң туура кылып аткарып.

Эне сүтүн элди коргоп төлөйбүз,
Төлөдүк биз кутулдук да дебейбиз.
Мекеним тынч ошон үчүн ар таңда,
Улуу жолго ырдап алып жөнөйбүз.

Колдо курал, жондо милдет, узун жол,
Биз тандаган эң улуу жол, ушул жол.

Автор: Кадырбек Аблабеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан