Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK «Кыргызстандын улуттук Кызыл Жарым Ай Коому» менен бирге улгайган жарандар үчүн каржылык коопсуздукту жана алдамчылык аракеттерден коргонууну камсыздоого арналган иш-чара өткөрдү.
Иш-чарада банктык кызматтар жана онлайн насыя алуу коопсуздугу боюнча практикалык кеңештер берилди.
«Кардарлардын каржы коопсуздугу - башкы приоритетибиз. Көбүнчө улгайган адамдар адамчылардын курмандыгы болушат. Банк алардын каржы коопсуздугун камсыздоого жана ар кандай кырдаалда жардам берүүгө даяр. Биз биргеликте гана мүмкүн болгон коркунучтардан ишенимдүү коргоно алабыз», - дейт MBANK’тын коомчулук менен байланыш жана коммуникациялар боюнча директору Асел Абыкеева.
Быйыл дүйнөлүк акча жумалыгы «Акчаңды корго - келечегиңди камсыз кыл» урааны менен 18-24-мартка чейин уланат. Ал эми Кыргызстанда «Акча тапсаң - сакта, келечекке пайда» урааны астында өтөт.
Акциянын максаты - калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу.
Бүгүнкү иш-чарада катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, активдүү катышкандарга белектер берилди.
Маалымат үчүн: Дүйнөлүк акча жумалыгы (Global Money Week (GMW) - жыл сайын март айында өтүүчү масштабдуу кампания, анын алкагында дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар өтөт.