Бишкекте жүргүнчү коомдук транспорттун көзөмөлдөөчүсүнө кол көтөрдү

Бүгүн, 28-мартта коомдук транспорттордун бириндеги көзөмөлдөөчүгө кол көтөрүү болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коомдук транспортторду текшерүү учурунда №169 автобустук каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, көзөмөөлдөчүнү оозго алгыс сөздөр менен сөгө баштаган.
Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине кол көтөрүүгө жеткен. Ал эми жүргүнчү көзөмөлдөөчүнү бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.
"Кол салуунун натыйжасында коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.
"Тулпар" компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан