Бишкекте опузалап пара талап кылууга шектелип милиция кызматкерлери кармалды (фото)

Опузалап пара талап кылууга шектелип Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү К.Б.М., Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаранды кармады.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылып алынган.

Шектүүлөр кечээ, 3-апрелде Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан