Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды (фото)

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 2500 доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган.

"Белгилей кетсек, Э.Н.А. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алган. Кармалган патрулдук милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-04-13 19:24:00
ТВ Кайгуул кайдасыңар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан