Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолундагы мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери жүргүзүүлүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, мыйзамсыз объекттерди буздуруу иштери жергиликтүү башкармалыктар менен биргеликте Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пункттунун аймагында 11-апрелден баштап жүргүзүлүп жатат.