Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Балдар депозитинин максаты - тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу болуп саналат.
Президент кол койгон документте төмөнкүлөр каралган:
2024-жылдын 1-июнунан тартып тоголок жетим калган ар бир балага (Кыргызстандын жаранына жана кайрылманга) “Айыл Банк” ААКсында “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилет;
Депозиттеги каражатты 18 жашка толгондон кийин пайдалана алат жана ден соолугуна, жашоо шартын жакшыртууга же билим алууга жумшай турганын өзү чечет;
“Келечекке салым” депозити жыл сайын республикалык бюджеттен толукталат;
Ар бир тоголок жетим бала 18 жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес каражат алат.