УКМК синтетикалык баңгизат тараткандарды "жок кыларын" эскертти (видео)

Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде УКМКдан билдирди.

Атайын кызмат өлкө боюнча баңгизат өндүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгиледи.

"Заманбап синтетикалык дары - бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле балдарга синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

УКМК жарандарды баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык фактылар боюнча 0 708 314 813 WhatsApp жана Telegram ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат химиялык баңгизаттарын колдонуу оор кесепеттерге алып келерин жана аларды өндүрүүгө, таратууга катыштыгы барлар аёосуз жазаланарын эскертет.

УКМК бангизат ролик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан