Экстремисттик материалды таратууга шектелип издөөгө алынган жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн Ноокат районунун 2000-жылы туулган И.А. аттуу тургуну Москва шаарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
Ал 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, издөөгө алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.