Бишкекте №47-түздөө мекемесинин ыкчам иштер боюнча орун басарын бычак менен сайып кетишти

Бишкекте №47-түздөө мекемесининин ыкчам иштер боюнча орун басарын бычак менен сайып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Бишкек ШИИББсинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда саат 17.00 чамасында Бишкек шаарынын Маликов менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Народный» соода борборунун күн батыш тарабында азиат улутундагы, жаштары болжол менен 25-30 чамасындагы белгисиз төрт жигит №47-түздөө мекемесинин ыкчам иштер боюнча орун басары, майор, 1981-жылы туулган Шакиев Миланды бычак менен денесине сайып, ар тарапка качып кетишкен. 
"Жабырлануучудан окуя боюнча толук жана так маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени ал алган жаракатынан улам Бишкек шаарынын №4-шаардык ооруканасына жеткирилип, операцияга киргизилген. Денесинде 6 бычак менен келтирилген жаракат бар. Дарыгердин дарт аныктамасы боюнча М.Шакиевдин өмүрүнө коркунучтуу мүчөлөрүнө тийген эмес" деп жазылат маалыматта.  
Учурда М.Шакиевге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
diamond901512
2013-12-27 11:30:30
адилеттик болуп таап жазасын берсе гана бирок андайды бизкилерден куткон (таш бака талга чыкканда деген созго барабар)
0
Survey
2013-12-27 15:17:07
очошкон бироосу оч алса керек.сакайып кетиниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан