Ош шаарында 11 ай ичинде 218 өрт кырсыгы катталган. Бул көрүнүш былтыркыга салыштырмалуу 53 өрт кырсыгы көп катталган. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Ош шаардык өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспектору Т.Султанов билдирди.
Анын айтымында, өрттөн келип чыккан чыгым 16 миллион сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 10 миллионго сомго көп болгон.