Бишкекте жасалма 3 миң бөтөлкө алкоголь ичимдиги кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салыкчылар ири көлөмдөгү алкоголь ичимдиктерин даярдап, эч кандай уруксат документи жок сатып келген адамдарды аныкташкан.
Алардын кампасынан бардыгы болуп 2895 бөтөлкө алкоголь табылган. Жыйынтыгында алардын мамлекетке 2 миллион 205 миң сом чыгым алып келгендиги аныкталган. Учурда бардык тиешелүү документтер укук коргоо органдарына тапшырылып берилип, тергөө жүрүп жатат.