2013-жылдын 26-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 304-чакырымында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 26-декабрда саат 21:00дөр чамасында Форд Транзит жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 2 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге Токтогул райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, жабыркаган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, райондук ооруканага жеткиришкен.