Акыркы сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 27-декабрда билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 3 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.