26-декабрдан 27-декабрга караган түнү Бишкек шаарында 338 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын 19у мас абалында, 30у унаасын караңгылатып алган. Ал эми 42си коопсуздук курун тагынган эмес, 20сынын тиешелүү документи жок. Ошондой эле 74 айдоочу унаасын айдап бара жаткан учурда уюлдук телефон менен сүйлөшкөн.
Айып жайга 35 унаа токтотулган.