Хонда Торнео унаасынын айдоочусу рулду башкара албай Ат-Башы каналына кирип кеткен. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-декабрь күнү саат 22:40 чамасында Аламүдүн районунун Ленин айылында катталган. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын 4 куткаруучусу барып, унааны каналдан чыгарып беришкен.