Кыргызстандын түштүгүндө 29-декабрь күнү күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жоон-Күнгөй айылынан түндүк-батыш тарапка 3 чакырым алыстыкта байкалган.
Жаратылыш кырсыгынын күчү Жоон-Күнгөй, Кара-Булак, Саты, Таран-Базар, Кара-Алма айылдарында 3 балл жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга жеткен.