Чүй облусундагы Кант шаарында 28-декабрь күнү кызганычтын айынан чогуу
жашаган аялды өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз
кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда милицияга адамдын сөөгү
табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган оперативдик
топ мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 47 жаштагы аялдын денесин көрүшкөн. Ал ошол үйдө
батирде жашап жатканы белгилүү болгон.
Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү КРнын
Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш ишин
козгогон.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркум менен бирге жашаган 45 жаштагы Тейит.М. кармалган.
Ал спирт ичимдиктерин ичип жатканда кызганычтан урушуп кетишкенин айткан.
Азыркы тапта кылмышкер убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.