Жыл жыйынтыгы: 2013-жылдын 11 айында 34 чек ара конфликти катталган

2013-жылдын 11 айында 34 чек ара конфликти катталган. Анын ичинен  кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 19, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде 15 чыр-чатак болгон. Ал эми 2012-жылы 44 чек ара чыр-чатагы катталган.

2013-жылы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде жалпысынан 11 чакырымга жакын аңдар казылып, 20 чакырымга жакын тосмолор тургузулган.

Ошондой эле 11 ай ичинде мамлекеттик чек арадан 15 миллион 466 миң адам жана 1 миллион 909 миң транспорт өткөрүлгөн. 1069 адам ар кандай себептерге байланыштуу депортация болгон. 237 адам мамлекеттик чек араны жана 51 адам чек ара режимин бузган. Чек арачылар 17 курал-жарак,  214 даана ок-дары, 9 даана граната табышкан жана кармашкан. Чек арачылар тарабынан кармалган аткезчилик (контрабанда) жүктөрдүн жалпы суммасы 22 миллион сомдон ашты.

Чек ара чыр-чатактарынын келип чыгышынын себеби, биринчиден, делимитация, демаркация иштеринин акырына чыкпай келгендигине байланыштуу. Экинчиден, чек арага чектеш жашаган жергиликтүү калк чек ара коопсуздугунун мыйзамдык актыларын жакшы билбегендиктен улам келип чыгууда.

 

2013-жылы кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги чыр-чатактарда Кыргызстандын эки жараны, Өзбекстандын эки аскер кызматкери курал пайдалануунун натыйжасында каза табышкан.

Чек ара тилкелеринде болгон конфликттер: 

*4-январь күнү Өзбекстандын чек ара кызматкери кыргызстандык жаранга ок чыгарып, натыйжада ал каза болгон. Чек арачынын айтымында, кыргызстандык жаран контрабандалык иштердин артында чек араны мыйзамсыз кесип өтмөкчү болгон.

*5-январь күнү Баткен облусунун Сох анклавында жашаган өзбек жарандары кыргыз чек арачыларына кол салышып, жергиликтүү ондогон кыргыз жарандарын туткунга алышкан. Маалыматтар боюнча, мындай кырдаалдын келип чыгышына Сох анклавы менен чектешкен жерге орнотулган чек ара постун электрифицирлөө боюнча кыргыз тараптын каалоосу себеп болгон.

*27-апрель күнү  Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Маалыматка таянсак, чырдын келип чыгышына аталган Тажикстанга караштуу Ворух анклавына жакын жерден өткөн Ак-Сай-Тамдык айланып өтмө жолунун курулушу себеп болгон. Анда жол курулуп жаткан жерге анклавдын 30дай жараны чогулуп, иштин уланышына каршы болушкан. Андан соң кыргыздар келишип, ортодо жаңжал чыккан. Бирок мушташ болгон эмес. Айтылгандай, буга чейин тажик тарап аталган унаа жолу макулдашылбаган аймакка курулуп жатканын билдиришкен. 

*12-июнь күнү Баткенде кыргыз жарандары менен өзбек чек арачылары ортосунда жаңжал чыкты. Анда Таян айылынын 3-4 тургуну Баткен шаарынан өздөрүнүн айылына баруу үчүн Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтмөкчү болушкан. Сох анклавынын көзөмөл-өткөрүү пунктундагы чек арачылар аларды өткөрбөй “силер мас абалда экенсиңер” деген доо менен бир топ убакыт кармап турушкан. Андан кийин анклавдан чыгып бара жатып чек арачылар менен чырдаша кетишкен. Кырдаалды көзөмөлдөп турган “Чарбак” чек ара пунктунун капитаны Ф.Жумабаев кошуна өлкөнүн  “Хушьяр” чек ара пунктунун капитаны Ж.Санакулов менен жолугушуп, маселени сүйлөшүү жолу аркылуу чечишкен.

*20-июнь түнү болжол менен саат 00:15те Баткен облусунун Айдаркен чек ара отрядынын “Марказ” чек ара тозотунда Өзбекстандын чек арачылары менен Баткен облусунун Сарыбай айылынын тургунунун ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдын жүрүшүндө өзбек чек арачылары ок чыгарышып, Кыргызстандын жараны көз жумду.

*23-июлда саат 10:25те Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип келишкен. Кыргыз чек арачылары алардын аймактан чыгып кетишин талап кылышкан. Буга каршы болуп чек арачылар менен кайым айтышууга өткөн өзбек тарап биринчилерден болуп ок чыгарып, ортодо атышуу башталган. Маалыматка таянсак, бир өзбекстандык чек арачы каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан