Пиротехникаларды туура эмес колдонуунун кесепетинен 200 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 1-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт Сокулук районунун Октябрь айылында болгон. Анын кесепетинен 70 чарчы метр шифер менен жабылган бастырманын чатыры, короодогу чөп күйгөн. Тилсиз жоо пиротехникаларды туура эмес колдонуудан келип чыккан.