1-январда кечке жуук Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Күчү 3 баллга жеткен жер силкинүүнүн очогу Өзгөн шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 10 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгыш тарапка карай 40 чакырым аралыкта катталган.
Жер титирөөнүн күчү Ильичевка, Жыланды айылдарында 3 балл, Мырзакеде 2,5 балл жана Өзгөн шаарында 2 балл болуп сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.