Өткөн суткада өлкө ичинде 17 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Гоголь көчөсүндө жайгашкан 16-үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен эшик-терезелер, эмеректер жана кийимдер күйүп кеткен. Тилсиз жоо өчүрүлгөндөн кийин үйдөн 1941-жылы туулган Н.Н.Дибровойдун күйгөн денеси табылган. Алдын ала божомолдоого караганда, ал иске ууланып каза тапкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.