Бүгүн, 3-январда 06:40 чамасында Чүй-Манас проспектилеринин кесилишинде Субару Фористер, Тойота Витц жана Хонда Аккорд үлгүсүндөгү 3 унаа кагышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган Тойота Витц унаасынын 63 жаштагы жүргүнчүсү Н.Гүлбүбү ооруканага жеткирилген.
Учурда автоунаалар айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББине жөнөтүлдү.