Кечээ, 3-январда Жайыл районунда өрт кырсыгы катталып, үйдүн короосу жана чатыры күйүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үйдүн 57 жаштагы кароолчусу өлүмгө учурады. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныкталууда.