Кечээ, 3-январда Ош шаарындагы Амир Темур көчөсүндө жайгашкан жеке менчик мончо күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Өрт кырсыгы морлордун туура эмес түзүлүшүнөн, электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан деп маалымдалат.