Бүгүн, 4-январда Элебесов-Февральская көчөлөрүнүн кесилишинде 28 жаштагы Тимур аттуу жаран башкарып бараткан Лексус-RX300 үлгүсүндөгү унаа велосипедчен жаранды коюп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, велосипедчен жаран ошол жерден жан берген. Анын 28 жаштагы Мунарбек экендиги такталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.