АКШда окуп жаткан Гүлзат: "Мен жашаган штаттын аба ырайы Кыргызстандыкына окшош" (маек)

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында АКШдагы Канзас-Сити шаарында жайгашкан Avila университетинде билим алып жаткан Гүлзат Эргешбаева тууралуу сөз кылабыз.

Гүлзат Эргешбаева 1995-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир тууган. Балалыгы Жалал-Абад шаарында өтүп, аталган шаардагы №1 гимназияда билим алган. Учурда Канзас-Сити шаарындагы Avila университетинде IT тармагында магистратурада окуп жатат. Үй-бүлөлүү.

— Гүлзат, саламатсызбы? Окууларыңыз жакшыбы? Алгач окуучулук кезиңиз, кесип тандоо, билим алган жогорку окуу жайыңыз тууралуу айтып кетсеңиз.

— Саламатсыздарбы? Мектепте жогорку класстарда окуп жатканда кесип тандоого активдүү кирише баштадым. Өзүмдү көп тармактарда сынап көрө берчүм. Алсак, ыктыярчылык иштер, тил үйрөнүү. Мисалы, англис тилимди жакшыртууга English Access Microscholarship деген программада 1 жыл окугам. Бул менин жашоомдо кийин да көп таасирин берди. Ушул долбоор аркылуу өнүгөм-өсөм деген жакшы чөйрөдөгү теңтуштарым менен бирге чоңоюуга мүмкүнчүлүк болду.

Жогорку класстарда окуп жатканда сүрөт мектебинде да окуп (4 жыл), ийгиликтүү аяктагам. Өзүм чыгармачылык тармагын жакшы көрөм. Ошондуктан кол өнөрчүлүк курстарына барып, токуганды, тиккенди үйрөнүп, бий курстарына да катышчум. Албетте, ошол эле кезде үй иштеринде ата-энеме жардам берүүгө жетишчүм.

Алгач сүрөт тартканга кызыккандыктан архитектор болууну кыялдангам. Мындан улам Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин сүрөт тартуу сынагына катышып, өтпөй калгам. Андан соң ошол эле окуу жайдын Маалыматтык технологиялар факультетине бюджетке өтүп, 4 жыл окудум.

Студент кезимде ыктыярчы болуп, көптөгөн иш-чараларга, тренингдерге катышып, өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жүрдүм. Ошол эле учурда Балдар окуу борборунда сүрөт мугалими болуп, жайкы балдардын лагерлеринде да эмгектендим. Ошол убакта эле балдарды тарбиялоо, педагогикага жакын болчу экем.

Анан 2017-2019-жылдары Санкт-Петербург шаарында IT тармагында окуумду улантайын деп чечтим. Ал да бюджеттик негизде болчу. Анда 2 жыл студенттик жашоо активдүү өттү. Айта кетсек, "Rotaract Saint-Petesburg International" жана "Kyrgyz Union" жаштар уюмдарында активдүү болуп, команда менен иштерди ийгиликтүү алып барчубуз. Өзүмдүн жеке себептеримден улам ал жактагы окууну аяктай алган жокмун.

Кыргызстанга келип Мамлекеттик миграция кызматында иштеп калдым. Андан соң Good Neighbors International деген эл аралык кайрымдуулук уюмда жана Жаштар өнүктүрүү институтунда эмгектендим. Жалпылап айтканда, 4 жылдын ичинде ар кандай окутуу долбоорлорунда иштеп, Кыргызстандын жети дубанын кыдырууга жетиштим.

Кийинчерээк "Брайт" эл аралык мектебине IT мугалими болуп иштеп калдым. Ошол жылдары футбол тармагына да кызыгып, машыктыруучулук кесипти аркалап көрөйүн деп, “Лига” балдар футбол клубунда машыктыруучунун ассистенти болуп, уюштуруу иштери менен алектендим.

Ошол эле убакта IT STEP эл аралык компьютердик академиясынын филиалы Бишкекте ачылып, ал жерде да жумасына 4-5 саат компьютердик сабаттуулук, балдарга оюн түзүү боюнча сабак берчүм.

Кийин жеке жашоомо жана балалык кыялыма жараша Америкага магистратурага окууга тапшырганы бир жарым жыл ичинде даярдыктар болду. Биринчи аракет жасаганда Американын элчилиги баш тартып койду. Кайра экинчи ирет аракет кылуу менен азыр ушул жерге окууга келип калдым.

— Эмнеден улам Avila университетин тандап, окуп жатасыз?

— Авила университетине тапшыруу үчүн мен Бишкектеги чет өлкөгө окууга жөнөтө турчу агенттиктердин бирине кайрылдым. Алар мага бир нече университет сунуш кылышты. Арасынан Авила университетин жактырдым. Себеби бул жакта сунуш кылган программалары, профессордук курам, эл аралык студенттерге ар кандай окуу жана өзүн өнүктүү боюнча түрдүү клубдары бар экен.

Мен акы төлөнүүчү негизде окууга тапшыргандыктан, Авила башка университеттерге караганда, орточо жеткиликтүү баада окутуу программаларын сунуш кылды. Ошондой эле окуу жайдын шарттары жакты. Канзас-Ситиде көбүнчө америкалыктар жашайт. Англис тилимди да жакшыраак өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүк болот деп ойлодум. Штаттын аба ырайы да Кыргызстандыкына окшош.

— Магистратурага өтүү жолдору, артыкчылыктар, жеңилдиктерге токтолуп өтсөңүз.

— Жолдору аябай көп. Гранттар бар, акы төлөнүүчү окуулардын да көптөгөн түрлөрү бар. Англис тилин билүү деңгээлине, окуудагы бааларыңызга (GPA) жараша ар кандай жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Аны өзүңөр изилдегенге убактыңар жок болсо, же эмнеден баштоону билбей жатсаңар, бул боюнча ишенимдүү агенттиктерге кайрылсаңар болот.

Ошондой эле чет өлкөдө окуп келген, же окуп жаткан достор, туугандар, тааныштар же соцтармактагы блогерлерге кайрылып кеңеш сурасаңар болот. Өзүңөр да изилдегиле, аракет кылгыла. Ар бир өлкөгө мүмкүнчүлүктөр толтура.

— Сонун, ал эми Канзас-Сити шаарындагы кыргыз кызынын бир күнү кандай өтөт?

— Менин күнүм Кыргызстандагыдай "супер занятой" өтпөйт. Азырынча жалаң гана окууга көңүл буруп жатам. 1 семестр бою университеттин жатаканасында жашап, окуйм. Магистранттардын сабактары бир жумада 1-2 жолу гана болот. Калган убакта өз алдынча окуп, тапшырмаларды (self-study) аткарышыбыз керек. Көбүрөөк китепканада убакыт өткөргөнгө аракет кылам.

Англис тилимди мындан да жакшыраак кылам деп онлайн курстарды алам. Башка өлкөдөн келген студенттер менен баарлашам. Бош убактымда өзүм чыгармачыл адам болгондуктан токуйм, сүрөт тартам, китеп окуйм. Университетте болгон баскетбол, волейбол оюндарын көрүп, "американский пул" ойнойм.

Дем алыш күндөрү кофеканага барам, супермаркеттен керектүү азыктарды алып, бөлмөмдө тамак даярдайм. Мындан тышкары соцтармактагы баракчаларыма контент тартып жүктөйм. Албетте, анан жолдошум, Кыргызстандагы жакындарым, досторум менен сүйлөшөм. Баса, жолдошум башка шаарда жашайт. Эмки семестрден баштап, буюрса, чогуу жашайбыз.

— Соцтармакта балалык кезде көп кесипти аркалап көрүүнү кыялданганыңызды жазган экенсиз. Буга кимдер, кандай жагдайлар түрткү болду эле? Учурга чейин кайсы кесиптерди аркалап көрдүңүз? Эгер бардык жумушта бирдей эле маяна төлөнсө кайсы кесипти аркалайт элеңиз?

— Эстесем, бир нече жумушта иштегем. Алардын ар бирине кыскача токтолуп өтсөм.

* Атам мамлекеттик жумушта иштегендиктен, бул жумуш мага кызык болчу. Ошондуктан Миграция кызматында стажировкадан өткөм. Жарандар менен иш алып барып, консультация берчүбүз. Кагаз иштери өтө көп, ошолор мага жага бербейт. Ага карабай ар бир иштеген ишканаларымда жумушту жоопкерчиликтүү алып барчумун.

* Кайрымдуулук уюмда иштеп жүргөндө карапайым элге жардам көрсөтүп, көптөгөн иш сапарларына барып, гумжардам таратчубуз. Бирок андан да чарчагам. Ошко ар айда учуп барып келген күндөр да болгон. Чоң жүктөм болор эле.

* Жаштар уюмунда социалдык долбоорлор менен иштедим. Анда футбол жана психология тармагындагы кызыктуу долбоорлор менен Чүй жана Ысык-Көлдөгү мектептерде иш алып баргам.

* Тренерлик жумуш, педагогика. Булар окуучулар менен иштөө бири-бирине окшош. Жаш балдарды жакшы көрбөсөң андай атмосферада ишти алып кетүү кыйын. Мында стресске каршы турууга аракет кылуу керек.

* Коуч катары консультацияларды өткөрдүм.

* Медиа, соцтармактарды да жакшы көрөм, журналистикага да кызыгып жүргөм. Журналист болуп иштеп көргөн эмесмин. Бирок ар кайсы долбоорлорго жараша фото/видео отчётторду даярдап, текст түрүндө кыргызча, орусча, англисче релиздерди жазып жүргөн убактар болгон. Ошондой эле өзүмдүн соцтармактагы баракчаларымды да активдүү алып барам.

Иштеген ар бир тажрыйбам мага жагат. Келечекте өзүмдү коуч катары көрөм. Адамдар өзүн таанууга, өнүгүүгүгө, окууга кызыгып, ар бир адам өзүнө өзү коуч, мотиватор, колдоочу, дос боло алса дейм. Келечекте өзүмдүн окуу борборлорумду ачкым келет. Балдарды туура тарбиялоо, дени сак ата-эне курстарын өнүктүргүм келет.

— Эң сонун! Чет өлкөдөгү университеттерге тапшырууда мотивациялык катты жазуу эң маанилүү бөлүгү болуп саналат эмеспи. Катта студент өзүн кантип ачып берсе болот?

— Айрыкча Америка, Европа өлкөлөрүндөгү окуу жайларга ташырганда мотивациялык катта чын ыкластуулукту сурашат. Мотивацияң канчалык деңгээлде күчтүү экенине, алдыга койгон максаттарыңа, өзүңө, коомчулугуңа ушул окууда ала турган билимиң, тажрыйбаң менен кийин кантип бөлүшүп, кантип колдоноруңду билгиси келишет.

Мекениңе кайтып барганда кандай салым кошо аларыңа кызыгышат. Тандап жаткан университет жөнүндө да маалымат топтоп эмнеге дал ушул университет, ушул факультетке тапшыргысы келгенин ачык жазуу зарыл.

— Соцтармакты карап жатып психологияга дагы кызыга турганыңызды байкап калдым. Жан дүйнөңүзгө кантип кам көрөсүз?

— 2022-2024-жылдары психология кесибин бир жарым жылдык Москва улуттук кошумча кесиптик билим берүү академиясында аралыктан, кийин Эл аралык коучинг мектебинде 8 айдан ашуун окуп, сертификаты бар академиялык коуч болдум. Америкага келгенче бир нече ай Кыргызстанда жаштарга жана айымдарга онлайн жана офлайн акысыз жана акылуу жеке консультацияларды өткөрүп жүрдүм.

Өзүмө көп анализ жүргүзөм. Азыр өзүмдү кандай сезип атам, денемде кандай сезимдер, оюмда кандай ойлор жана сезимдер бар деген суроолорду берип, өзүм менен баарлашам. Блокнотума жазам.

МАК-карта (Метафоралык ассоциация карталары) техникаларын колдоном (психологиялык карточкалар аркылуу эменени сезип жатканымды ассоциация кыла алам). Психологиялык китептерди окуп, подкасттарды угуп турам. Өзүм ишенген мени колдогон адамдар менен баарлашып, сезимдерим менен бөлүшөм. Кээде соцтармактарда да бөлүшүп, колдоочуларды, пикирлеш адамдарды табам.

— Жашоодогу баалуулуктарыңыз кандай жана адамдагы кайсы сапатты өзгөчө баалайсыз?

— Баалуулуктарым жөнөкөйлүк жана кичи пейилдик сапаттар. Айланабыздагылар менен дени сак мамиле куруу. Билим алуу, өзүндү руханий, эмоционалдык, интеллектуалдык, физикалык жана материалдык жактан өнүктүрүү.

Жаратылышка, маданиятка, жаныбарларга жана жаш балдарга жакын адаммын. Ошондой өзүм менен бир толкунда болгон чыгармачыл, креативдүү адамдарды баалайм. Эч кимге зыяны жок, өзүнүн кыялдары, максаттары бар жана ошолорду ишке ашыруу жолунда аракет кылып, өзүн кичинекей нерселерге болсо да бактылуу сезе алган, позитивдүү ой жүгүрткөн адамдарды сыйлайм.

Буга чейин IT мектепте мугалимдик кесипти аркалаган экенсиз. Азыр технология тез өнүгүп жатат, маалымат көп, интернет ресурстары арбын. Бул учурда окуучуларды сабактарга кызыктыруу үчүн мугалим эмнелерге көңүл бурушу зарыл деп ойлойсуз?

— Чын эле азыркы балдар менен иштеген оңой эмес. Мен 6-12 жашка чейинки балдарга компьютердик сабаттуулук боюнча сабак бергем. Мындан улам сабакта гаджеттерди колдонуп келишкен. Дициплинаны кароо менен аларга эркиндик берчүм. Менимче, эркиндик – бул жоопкерчилик. Балдарга кесиптин артыкчылыктарын, келечегин айтып, темаларды оюн аркылуу түшүндүрсөң алар жакшы түшүнүшөт. Ар бир балага индивидуалдуу мамиле тапса болот. Балдарга мотивация берүү, алардын ой-пикирин угуу, колдоо, керектүү жерде багыт, кеңеш берүү. Бул кесипте дагы бир маанилүү фактор – балдарды сүйүү деп ойлойм.

— Жумушка кирүүдө эң негизги көңүл бурчу критерийлер кайсылар деп билесиз?

— Өзүнө-өзү ишенген, эмоционалналдык интеллекти өнүккөн, айланасындагылар менен жакшы мамиле курганды билсе, командада иштей алышы жана жоопкерчиликтүү болушу зарыл деп ойлойм.

— Гүлзат, кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдирем! Жашоодо, окууларыңызда ийгиликтер көп болсун.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан