Ассоль Молдокматованын болочоктогу жолдошу Бекназар Жамангараев: "Америкада сен аткаминердин же депутаттын баласы болсоң эле жумушка ала бербейт"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар бир бурчунда ийгилик жаратып жаткан мекендештердин саны арбын. Алар мекенден алыс жашап, билим алып, ири компанияларда тажрыйба топтоп келишет. Бул жолу "Ийгилик жаратууга дем берген жарандар" рубрикасында дүйнөнүн Google, Apple, Motorola сыяктуу гигант IT компанияларында эмгектенген Бекназар Жамангараев менен маек курдук.

Ал IT тарамагына жумушка орношуу, резюме түзүү, аталган тармакта жогорку натыйжаларга кантип жетсе болорун айтып берди.

- Бекназар мырза, сиз Кыргыз өлкөсүндөгү IT тармагына кирип, далайларга жол ачкандардын бирисиз. Айтыңызчы, IT гигантына кантип жумушка орношсо болот?

- IT гиганттары - Apple, Skype, Google компаниялары. Ар бир компания үчүн өзүнүн бедели жана продукциянын сапаты баалуу экенин билүү абзел. Алар ким туш болсо эле жумушка ала беришпейт. Аталган компанияларда жумушка алууда чоң талаптарды коюшат. Демек, иш тажрыйбасы бар, таланттуу, жакшы программист IT гигантына жумушка орношо алат. Эгерде ал буга чейин жасалган продуктусу болсо жана ал чоң талапка жооп берген тиркемени түзсө жумушка орношо алат. Аларга элден өзгөчөлөнүп турган адамдар керек. Ошондой эле алар дүйнө жүзү боюнча ушундай адамдарды таап, тандап алышат.

Бул чөйрөдө кириш деңгээли бар: "entry level" (алгачкы деңгээл) мында адамдын тажрыйбасы аз, бирок жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар дегендик. Андан кийин "middle level" орто деңгээл. Мында адам 3-5 жылдык тажрыйбасы болгондо, кандайдыр бир программалык камсыздоону билген, ал жерде тиешелүүлүгүнө жараша айлык акы бир аз жогору болот. Кийинки "senior level" жогорку деңгээл - эң жогорку эксперттик кызмат, булар 5-10 жылдык тажрыйбасы бар программисттер.

- Кайсы компанияларда эмгектендиңиз?

- Мен кичинекей стартаптарда, ошондой эле Yahoo (9 жыл мурун) сыяктуу чоң компанияларда иштегем. Ал биринчи издөө, почта компанияларынын бири болгон. Анда ал дүйнөлүк компания деп эсептелчү, азыр аталган компания, албетте, кичине. Андан соң Чикагодогу Motorola'да иштедим. Андан кийин ал Walmart'ка жумушка орноштум. Бул дүйнөлүк компания, бирок анча белгилүү эмес. Кийинчерээк Apple компаниясына улук инженер болуп которулдум. Ал жерде мен улук инженер гана эмес, АКШда жана Индияда офшордук топтун лидери болчумун. Аларга тапшырма берип, күн сайын ар кандай жолугушууларды өткөрдүк. Бул компанияда бир жарым жыл иштедим. Мен иштеп турган учурда Apple триллион долларлык компанияга айланды.

Google'да 4 жыл иштедим. Мен ар кандай технологиялар менен жабдылган ар кандай үлгүдөгү унааларды жакшы көрөм. Унааларда башкаруу панели бар - карталар көрсөтүлө турган экран, убакыт, музыканы коюуга болот. Муну биз Android'де иштеп чыккан нерсе. Ал жерде Youtube, Google тиркемелери, ар кандай төлөм тиркемелери бириктирилген, гугл-ассистент унаада дагы иштейт. Мен учурда Pfizer жана Moderna вакциналарын чыгарган BioTeck жана Best Buy жогорку технологиялык компанияларында эмгектенем.

- IT жумушуу үчүн резюменин кантип туура түзүү керек?

- Резюме - бул сенин жүзүң. Ал качан кадрлар бөлүмүнө келген учурда алар сени көрүшпөйт, кайсы улуттан экениңди билишпейт. Алар тек гана сен жазган тексти окушат. Текст туура, так жана профессионалдуу жазылган болушу керек. Бул жерде сиз негизинен техникалык билимиңизди: эмне кыла аласыз, кандай программаны колдоносуз, маалымат базалары менен, серверлер менен иштей аласызбы тизмелейсиз.

Сөзсүз жазуу керек болгон 3 категория бар:

  • техникалык билим, иш тажрыйбаңыз.
  • тил билүү
  • жеке сапаттарыңыз

- Резюмени кантип туура тапшыруу зарыл?

- Алардын веб-сайтына кирип, "careers" (карьера) бөлүмүн табасыз, ал жерде ар кандай вакансиялар бар жана аны толтурасыз. Эгер сиз Google'дун башкы кеңсесинде иштегиңиз келсе, Калифорнияда же башка штаттарда иштей аласыз. Ошол эле Amazone, Apple менен дагы. Андан да жакшысы, Google'дан кимдир-бирөө сиздин резюмеңизди кадрлар бөлүмүнө сунуштаса, бул ал адамды жеке тааныгандыгын тастыктайт. Мындай учурда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, Кыргыз өлкөсүнөн бирөө мага телефон чалып, жетишкендиктерин айтып берсе, ал өзү акылдуу, тажрыйбалуу болсо аны кадр бөлүмүнө сунуш кыла алам, бир орунга 100-200 адам кайрылса, ал алдынкы ондукка кирет. Ал эми жумушка орношсо, анда мага бонус катары бир аз акча төлөнөт.

- Кандай суроолорго даяр болуу керек?

- Сен жөнүндө резюме аркылуу гана билишет жана ал жакта жазылгандарды гана сурашат. Жазылгандардын баарын билип, туура жооп беришиңиз керек. Анткени алар сенден коддун логикасын, анын кантип жасалганын жана башкаларды түшүндүрүп берүүнү суранышы мүмкүн. Ошондой эле сен кимсиң, үй-бүлөң барбы, акыркы жумушуңда жетекчилер менен кандай мамиледе болгонсуң, кесиптештериңиз менен келишпестиктер болду беле, андан кантип чыккансың деген жеке суроолор берилет. Кандай кемчиликтериң бар деп да сурашы мүмкүн, бул жерде кылдаттык менен жооп бериш керек. Сен "Саат 12ге чейин уктайм, түшкү саат 1де жумушка келип, кечки саат төрттө үйгө кетем" деп айтпашың керек. Мындай жагдайлар менен күрөшүүдө акылдуу болушуңуз керек. Алар логикалык темадан тышкаркы суроолорду бере алышат, сиз ар тараптуу интервьюга даяр болушуңуз керек, эң негизгиси техникалык маалыматтарды билүү. Кошумча сиз менен иштеген жетекчиден жана кызматкерден сунуштоо катын сурашат.

- Программист кандай жөндөмгө ээ болушу керек?

- Өжөрлүк, тырышчаактык керек. Жеке жакшы сапаттарга да ээ болуусу зарыл. Адамдар менен тил табыша билүү абдан маанилүү. Ар бир компанияда "этикет" деп аталган эрежелердин жыйындысы бар жана сиз мунун баарын окуп чыгышыңыз керек. Мисалы, жумуш учурунда кесиптешиңиз аял киши болсо, ага жеке суроолоруңуз менен кайрылууга, ушак айтууга, командада интригаларга жол берүүгө укугуңуз жок. Мындай терс көрүнүштөргө тыюу салынат. Иштен алуу менен жазаланат. Ар кандай интригаларды уюштурбай, чынчыл болуш керек.

Эң жакшысы Кыргыз өлкөсүндө же мурдагы союздук республикалардагыдай эмес. Ал жерде абдан коррупциялашкан, мисалы чоң чиновниктердин балдары, депутаттар жакшы жерге жумушка орношуп, атасынын жардамы менен же пара берүү менен каалаган жерине жетесе болот. Америкада болсо алар антип иштешпейт, бул жерде сизди жумуш берүүчүгө сунуштай алышат жана жеке сапатыңыз үчүн гана тандашат. Кээде сизде техникалык жактан бир аз мүчүлүштүктөр болуп калса, бирок сиз адам катары жаксаңыз, алар мүмкүнчүлүк берип, мындай деп айтышы мүмкүн: "Макул, бизге жактың. Биз сени жумушка алабыз, бирок үйрөтөбүз". Мындай нерселер болот, баары адамдын өзүнө жараша болот.

IT тармагында көптөгөн секторлор бар, бирөө интерфейс менен иштейт, бирөө маалымат базасы менен, бирөө сервер менен, бири Android'де – ар кандай платформалар, ар кандай билим. Сиз кайда бара жатканыңызды, эмне үчүн бара жатканыңызды билишиңиз керек.

- IT тармагындагы стажировкалар боюнча айтып өтсөңүз.

- Эгер университеттин компьютердик инженерия боюнча жаңы гана бүтүрүшкөн болсо, алар деле стажировкадан өтө алышат. Тактап айтканда, дүйнөнүн кайсы гана жеринен болбосун ар бир студент веб-сайтка кирип, тесттен өтүп, тандалып, стажировкага катыша алат. Ал бир айга же жарым жылга созулушу мүмкүн. Жумушка орношуу ар кандай жол менен дүйнө жүзү боюнча адистерди тандоо аркылуу же стажировка аркылуу ишке ашат. Карьерамдын башында оюн компаниясында стажировкадан өттүм. Баса, ага акы төлөнчү. Кийинки жумушум Yahoo компаниясында болду.

- Жаңы келгендер эмнеге даяр болушу керек?

- Негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – адамдын тез үйрөнүшүнө шарт түзүү. Эртең IT өзгөрүшү мүмкүн, компания башка багытты тандайт, алар үчүн өзүлөрүнүн адистерин үйрөтүү пайдалуу. Корпоративдик этикага ээ болуу керек. Биздин мурдагы союздук республикаларда дагы эле эмгекке болгон советтик мамиле бар, бул жерде иштейсиңби же иштеген сыяктуу көрүнөсүңбү баары бир баарына бирдей айлык төлөнөт. Америкада мындан майнап чыкпайт, сен жыйынтык көрсөтүшүң керек, бул ишке татыктуу экениңди күн сайын далилдеш керек. Эгер жаран мурдатан Америкада иштесе, ага жеңил болот, анткени ал бул жерде кандай иштээрин мурунтан эле билет. Эгер адам бир жерден жаңы эле келген болсо, анда ал өзгөрүүгө даяр болушу керек. Кээде тапшырманы убагында тапшыруу үчүн кеч калып, эрте келүүгө туура келет.

Экинчиден - жалпы атмосферага даяр болушуңуз керек. Тил билген жакшы, ансыз түшүндүрүү, айтуу өтө кыйын. Ал адам эксперт же профессионал болсо, бирок тил билбесе жумушка орношо албайт. Тагыраагы, анда алар жакшы сүйлөшкөн адамды кабыл алышат.

- Кандай кыйынчылыктар болот?

- Кыйынчылыктар күнүмдүк турмушка тиешелүү болот. Батир ижарага алуу, жашоого укук алуу. Адам бул нерселерди иш менен алып кетүүгө үйрөнүшү керек. 1-2 жыл аралыгында көнүп кетесиң.

Америкага 34 жашымда келгем. Кайрадан окуп, тажрыйба топтоп, стажировкадан өтүшүм керек болчу. Америка - мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Эгер сен аткаминердин же депутаттын баласы болсоң эле жумушка ала бербейт. Баарына бирдей шарт берилет, андан ары өтүп кетеби же жокпу өзүңдөн гана көз каранды.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Бекназар Жамангараевге турмушка чыгарын социалдык баракчасына жазып чыккан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alimbek94
2022-01-22 13:36:05
Билим жашоодо бардык кыйынчылыктарды жеңе турган курал. Билимге гана умтулуу керек.
+5
elmira.
2022-01-22 13:50:13
Ассоль эженин суйгонуго )
+3
Datka7777
2022-01-22 15:39:03
Тугойлор эми табышты
+2
Mubarak
2022-01-22 15:55:19
Мындан 10жылдар мурун мен дагы американцы кыялданып ал жака баруу учун даярданмыш болуп жургонмун:)еми алар арзуу бойдон калды балдарымды окутам буйруса
+4
Bishkek-Kg
2022-01-22 17:23:38
Бул ким ошондо?
-5
ferrara2014
2022-01-22 19:04:56
Кыргыздын дагы бир азамат жигити! Бактылуу болсун!
+2
Bishkek-Kg
2022-01-22 23:08:39
Бул Беки канча жашта?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан