“Мечиттен 20 миң сом уурдаган” деген шек менен Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 46 жаштагы жашоочусу кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам 2013-жылдын 30-декабрынан 31-декабрына караган түнү "Аламүдүн" базарында жайгашкан мечиттеги битир-садага салынуучу кутучаны сындыруу жолу менен 20 миң сом акча каражатын уурдап кеткен.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.