2013-жылдын 12-декабрында Биринчи Май районунун ИИБине "Бишкекте Абдырахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 14 жаштагы өспүрүмдү алдоо жолу менен баасы 43 420 сомдук Айфон-5 уюлдук телефонун тартып алган" деген маалымат түшкөн. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмыш ишине шектелип 24 жаштагы Султанбеков Тагир Юрьевич кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектелип кармалган жаран буга чейин 4 жолу уурдоо, тоноо, каракчылык жана алдамчылык беренелери боюнча соттолгон. Учурда ал 70-80 факт боюнча сурак берүүдө. Алардын көпчүлүгү Абдырахманов көчөсүндө жана "Айчүрөк" соода борборунун жанында катталган уюлдук телефондорду уурдоо жана тоноо боюнча кылмыш иштери болуп саналат.
Эгер сүрөттөгү шектелген жарандан жабыркасаңыз, анда 0707 97-97 00, 0559 93-31-73 номерлерине кайрылыңыз.