Бишкекте бүгүн, 6-январда саат 14:20 чамасында Чыгыш-5 кичи районунан жүргүнчү ташуучу №220 жана №152-каттамда иштеген кичи автобустар кагышып кетти. Жабыркагандардын саны такталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда унаалар айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди.