Жайыл районунда катталган өрт кырсыгынан бир адам каза
тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кырсык Эриктүү айылынан 2,5
чакырым алыстыкта катталган. Мал кармалган кашарда тутанган жалын өрт өчүрүүчүлөр барганча имараттын
жарымын жалмап жиберген.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүлгөндөн кийин кашардын ичинен 57 жаштагы
малчынын күйгөн денеси табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.