6-январда саат 18:30дар чамасында “Дордой” базарынан Тойота Надия унаасын башкарып бара жаткан 42 жаштагы Н.Махамит жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 7-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жол кырсыгынын кесепетинен жамбашынан жаракат алган 7 жаштагы А.Бекжан ооруканага жеткирилген.
Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтологон материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди.