Бишкекте сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткен 32 жаштагы жигит өзүн-өзү асып алган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Маалыматка
ылайык, 7-январь күнү 5-кичи районундагы үйлөрдүн биринде жашоочулар
4-5-кабаттын аралыгындагы жипке асылган эркектин денесин табышкан. Окуя болгон
жерге Октябрь РИИБинин кызматкерлери барышкан. Жансыз денени чечүү үчүн шаардык
куткаруучулар келишкен.
Өлүмүнүн алгачкы себептери деп сүйлөшкөн кызы менен
урушуп кеткени айтылууда.