1-январдан 7-январга чейин республика аймагында 119 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 8-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 29, Чүй облусунда 22, Бишкек шаарында 24, Жалал-Абад облусунда 15, Ош шаарында 8, Ысык-Көл облусунда 11, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 7 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон.