Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун 27 жаштагы тургуну А.Нурзатты Витебская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде белгисиз бирөөлөр күч колдонуп зордукташкан. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары баш калаанын 26 жаштагы тургуну С.Элдияр жана Арча-Бешик конушунун 26 жаштагы тургуну Б.Эрназар кармалды.
Учурда Свердлов РИИБинде тергөө иштери жүрүп жатат.