Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну 25 жаштагы Х.И. баңгизат менен кармалды. Тинтүү учурунда анын жанынан 1 килограммдан ашык баңгизат табылган. Бул тууралуу бүгүн,8-январда ОШ ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.