Орусиянын Пушкино
шаарында жергиликтүү тургун Кыргызстандын
эки жаранына мергенчиликте колдонуучу мылтыктан ок чыгарды. Бул тууралуу 8-январда
орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-январдан 8-январга
караган түнү Звягин кичи районунда эки адам бутундагы октон алган жаракаты
менен ооруканага жеткирилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө аларга үйдүн кожоюну ок чыгарганы белгилүү болгон. Ок ортодогу пикир келишпестиктен улам атылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.