"Атайын уюштурулганбы?" Парламентте Айжигитовго сөз бербей коюу кайым айтышуу менен коштолду

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин билдирүү үчүн борбордук трибунадан 10 мүнөт убакыт сурады.

Сунуш добушка коюлуп, жыйынтыгында колдоо тапкан жок. Буга нааразы болгон эл өкүлү парламентти сынга алды. Өз кезегинде парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Айжигитовду сабырдуулукка чакырып, анын айткандарына жооп кайтарды.

Ал арада депутат Исхак Масалиев төраганы да сабырдуу болууга үндөп, кесиптештерин Айжигитовдун сунушун колдоого чакырды. Спикер болсо сунушту кайра добушка коё албастыгын билдирди. Айжигитов акыры борбордук трибунага бир күнү чыгарын айтты.

"Чек ара боюнча сүйлөбөйм, мен сөзүмдө турам. Өзүңөрдөн өзүңөр эле элге парламентти жаман көрсөтүп жатасыңар. Жөн эле сөз берип койгула да. Мени түз жерден эле баатыр кылып жатасыңар. Мага 3 мүнөт жетишпейт, андыктан 10 мүнөт сурап жатам. Эмне себептен, эмнеге коркосуңар? Пикиримди айтсам эле бир балээ болуп калабы? Мен мында болбосо кийинкиде дагы чыгып, катары менен 10 мүнөт сурай берем.

Анткени бул менин укугум. Бул деген ушул жерде отурган бүт баарыңарга тиешелүү. Мен азыр депутаттын укугу тууралуу эле айткым келет. Ар бириңерге тиешелүү да. Эмнеден коркуп, эмнеден чочулап жатасыңар, аны билбейм? Же мунун баары атайын уюштурулганбы, Ашимова (ред.: "Ыйман нуру" фракциясынын лидери) баш болуп? Мени ушундай жыйынтык чыгарганга мажбурлап жатасыңар. Демек, алдын ала уюштурулган да. Мен баары бир ар жума сайын чыга берем, мага баары бир сөз бересиңер", - деди ал.

Төрага Тургунбек уулу кайым айтышууну токтотуп, күн тартибиндеги маселелерди кароо керектигин белгиледи.

"Азыр бирөөдөн бирөө корко турган заман эмес. Баарыбыз бири-бирибизди урматтап, сыйлайбыз. Урматтоо менен сыйлоону корккондукка алмаштыруу туура эмес. Эгер сизге сөз берилбей калып эле "парламент элге жаман көрүнүп калды" десеңиз, анда адашасыз", - деди ал.

Эске салсак, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында да 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук бербей коюшкан.

ЖК 13.03.25 Айжигитов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан