Буга чейин социалдык тармактарда Сокулукта №9 автобустун айдоочусун үч жүргүнчү сабап салганы тартылган видео тараган. SUPER.KG порталы айдоочуга жолугуп, анын ден соолугу жана окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат алды.
Айтымында, чыр накталай эмес төлөмдүн айынан келип чыккан.
"Мбанктан төлөм жол акысын которгон соң чекти көрсөтпөй койду. Кээде айрымдар эртең менен автобуска түшкөн бир эле чегин кечке чейин көрсөтүп (скриншот кылып) жүрө беришет да.
Экинчиден аялдама жок жерден токтодум. "Түшө тургандар барбы?" деп сурадым. Ал бала укпай калды окшойт. "Микрофон менен кыйкырбайсызбы" дейт. Микрофон жок экен, кайда калганын билбейм. "Катуу кыйкырбайсыңбы" деп жаткан, ошол жерден чыр чыгып кетти окшойт",- дейт айдоочу болуп иштеген Замир мырза.
Репортажды толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.