6-10-декабрь күндөрү Якутск шаарында "Тукумдун коргоочулары, каада-салтты сактоочулар" аталышындагы сынак болуп өттү. Анда ар улуттун эр-азаматтары элдик оюндарды, үрп-адаттарды көрсөтүшүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында Саха (Якутия) Республикасындагы "Манас" кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн команда 1-орунду алды. Бул тууралуу маалымат аталган диаспоранын интернеттеги баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, 25-октябрда "Элдик салтты сактоочулар" аталышындагы этностор аралык фестивалда айымдар өздөрүнүн каада-салтын көрсөтүшкөн эле. Анда да кыргыз маданиятын көрсөткөн "Ала-Тоо айымдары" командасы 1-орунду ээлеген.