Кадамжайда тоо текелерди атып, сүрөттөрүн социалдык баракчасына жарыялаган Искендер Жолдошов өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын кызматкери экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда SUPER.KG порталына аталган инспекциядан маалымдашты.
Жолдошов инспекцияда жакындан бери иштеп жатканы айтылды. "Мекемеде бул боюнча комиссия түзүлдү. Аталган кызматкердин тоо жаныбарларын атууга лицензиясы болгону же болбогону териштирилет. Эгер күнөөлүү болсо, кызматкер иштен алынат",- деп билдиришти мекемеден.
SUPER.KG порталына жаңылык чыккан соң Жолдошов социалдык тармактагы баракчасынан жогорудагы сүрөттөрдү өчүрүп салды. Бүгүн, 15-декабрда ал аңчылык кылууга уруксат берүүчү документтерин сүрөткө тартып, SUPER.KG порталына жөнөттү.
Эскерте кетсек, окурман мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Ал "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.