Садыр Жапаров СИЗОго камалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Бишкектеги СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаровду тергөө бүткүчө СИЗОго камоо чечимин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан