Жапаровдун тарапташтарынын сотундагы күбө: "Жапаровдордун келини болгонум үчүн 5 сутка камалдым"

Бүгүн, 10-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингине чыгып, милиция тарабынан кармалган 12 адамдын соту өттү.

Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын ыкчам кызматкери Азамат Суталинов күбө катары сурак берүүдө.
"Мен соттолуучулардын арасынан Айдинбек Шамшидин уулун көргөм. Ал 25-мартта УКМКнын алдындагы чогулган элдин арасынан өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Ал милицияны сөгүп, кыйкырып жүрдү", - деди Суталинов.

Жактоочу: "Сиз Айдинбектин ошол күнкү жүрүм-турумун кантип далилдеп бере аласыз? Видеого тартып калдыңызбы же өзүңүздүн көз менен көргөнүңүздү далил деп эсептейсизби?" - деди.

Күбө Суталинов видео далилдери жок экенин, өз көзү менен көргөндөрү боюнча көрсөтмө берип жатканын айтты.

Күбө Медет Бокоев: "Соттолуучу Сабыр Жапаровду тааныйм. Аны менен Садыр аркылуу таанышкам. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда мен уюштуруп келген кичи футболго демөөрчүлүк кылып келчү. Жапаровдун өлкөгө келерин массалык маалымат каражаттарынан угуп бардым. УКМКнын алдында тарсылдаган үндөр чыгып жатканын уктум. Менин оюмча милиция адамдарды тандабай эле кармады. Мен да азыр булардын катарында темир тордо отуруп калышым мүмкүн болчу. Бийлик буларды камаган аракеттери менен өтө эле аша чаап кетти. Соттолуучулардын эч кандай мыйзам бузганын көргөн жокмун", - деди.

Кийинки күбө Мээрим Акматова: "25-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кошуп кармап келип мага да 5 сутка камалсын деген чечим чыгарды. Мени Жапаровдордун келини болгонум үчүн 5 күнгө камоо чечимин чыгарды деп ойлойм. Мен эч кандай тартип бузган жок элем. Рустам Жапаровдун мүнөзү өтө токтоо. Ал мыйзам бузган эмес болчу. Аны Жапаровдун уулу болгону үчүн милиция сабап өчүн алды окшойт", -деди.

Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Давлет Жапаров күбө катары көрсөтмө берди. Жактоочулар аны эмне үчүн медициналык бет кап менен жүргөнүн сурашты.
"Менин бет кап менен жүргөнүмө көп болду. Себеби бөйрөгүм алмашкандыктан коомдук жайларда этият болуум керек. Айрым массалык маалыматтары байкемди мага шылтоолоп чет өлкөгө качып кетти деп айтышкан. Бирок байкем ден соолугума байланыштуу мени чет өлкөдө дарыгерлерге көрсөтүп жүрдү.
25-марттагы митингде элдин арасында болгон эмесмин. Түштөн кийин байкемди инилерим менен кошо милиция кармап кетти дегенин угуп, Биринчи Май РИИБине бардым. Кире бериште журналисттер туруптур. SUPER.KG'нин журналистине интервью берип жаткан маалда жарандык кийимчен 2 бала келип мени агам чакырып жаткандыгын айтты. Мени нөөмөт бөлүмүнөн паспорт боюнча каттоого алып, бир залга алып кирип отургузуп койду. Тергөөчү келип "сиз митингде эмне кылып жүрөсүз?" - деген сыяктуу суроолорду бере баштады. "Мени бирөө менен алмаштырып жатат окшойсуңар мен чогулгандардын арасына барган эмесмин", - деп жооп бердим. Мен ар күнү кечки 19да бөйрөгүмө калыбына келтирүү үчүн дары ичеримди айттым. Алар мени конвой менен ары-бери сүйрөп түн жарымга чейин алып жүрүштү. Таңкы бештерде үйгө барсам 6 жаштагы кызым менен уулум үйдө ыйлап отурушуптур. Мен ойлойм бул бийликтин Жапаровдорду камагыла деген буйругун милиция аткарып жатат", - деди.

Бүгүнкү соттук отурумда 5 күбө көрсөтмө берди. Кийинки сот отуруму 17-июлга белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anucha
2017-07-10 16:44:38
Беш кубонун корсотмосун зорго алып,чарчап калыштыбы?Сот белгиленет,анан жылдырылат.14-октябрга жылдырып эле койгулачы.Биротоло шайлоодон кийинкиге.Садырды саап ичкенче,ашаны ашап жегилечи
0
Kemel29101981
2017-07-10 20:50:29
Борк ал десе баш алган желдеттердин кылганы.
0
Kemel29101981
2017-07-10 20:50:58
Ак ийилет бирок сынбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан