Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн,17-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын иши боюнча соттук отурум улантылды. Төрагалык кылуучу сот Марат Сыдыков. Күбө катары көрсөтмө берчү милиция кызматкерлери отурумга келбей калышты. Прокурор күбөлөргө чакыруу берилгендигин, бирок белгисиз себептер менен келбегендигин айтты.

"Прокурорго өткөн отурумда негизги күбөлөрдү сотко камсыздап берүү жагы айтылган. Ошол күндөгү митингде коомдук коопсуздукту камсыздаган милиция кызматкерлеринин жарымы буга чейин күбөлүктөн өтүштү. Сотко келбей койгон күбөлөр ишти создуктуруп жүрө беришсе, көрсөтмөлөрүн жокко чыгарып салуу керек", - деди соттолуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов.

Мамлекеттик айыптоочу кийинки отурумда күбөлөр сөзсүз камсыздаларын айтты. Соттун жүрүшүндө айыпталуучу Айдинбек Шамшидин уулу өзүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирди:

"Мен өткөн отурумдарда да сизге өтүнүч келтирдим эле. Атам учурда өлүм алдында жатат. Мага ырайым кылып, анын жашоосунун акыркы мүнөттөрүндө жанында болууга мүмкүнчүлүк бериңиздер. Мен соттук отурумдарды үзгүлтүккө учуратпай, келип катышып турам деп сөз берем. Негизи мени ошол күнү элдин арасынан милиция жөн эле жүргөн жеримден кармап кеткен. 25-март күнү оорулуу атам менен Бишкектен Ошко учмак элем. Муну далилдеген учактын билеттери да бар. Мени кармаган күнү милициялар бөлүмгө алып барып сабашкан. Бети-башымдан ар кандай жаракаттарды алгам. Мени сабашканы тууралуу айыптары ачылбасын деп эле милиция булар менен кошо камап салды".

Бул өтүнүч боюнча соттук ишке укук коргоочу катары катышып жаткан Азиза Абдурасулова "Шамшидин уулу биздин уюмга кыйноолорго кабылганы тууралуу арызы менен кайрылган. Териштирүүнүн натыйжасында ал чындыгында милициялар тарабынан сабалып, кыйноого алынганын аныктаганбыз. Жакында эле мен бул окуя боюнча Башкы прокурордун орун басары Усмановага билдиргем. Учурда Шамшидин уулунун кыйноого кабылганы боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөм. Айыпталуучу эч жакка качпайт, аны өзүм коштоп барып атасына жолуктуруп келет элем. Мен буга уюмдун атынан жоопкерчиликти алам" деди соттук отурумда.

Мамлекеттик айыптоочу Айдинбек Шамшидин уулунан 3 жолу өтүнүч түшүп сот четке каккандыктан кайра-кайра кароонун кажети жок экенин айтып өттү. Сот Сыдыков өтүнүчтү канааттандырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mir777
2017-07-17 14:51:03
тот случай когда "ххх" в власти. эркекче ишти кылгыла
0
mir777
2017-07-17 14:52:01
камагыла же чыгаргыла, будто агенты из Америки расследует хах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан