Бүгүн, 7-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалган жарандардын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Азиза Абдурасулова айыпталуучуларга суу берүүнү өтүндү. Ага конвойлор макул болушкан жок. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков "Мен суу, дары бердирүүгө укугум жок. Конвойлорго буюртма бере албайм" деди. Бир нече убакыттан кийин суу берүүгө уруксат берилди.
Айыпталуучулардын бири Айдынбек Шамшидин уулу атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүндү.
"Мени Жапаров менен чогуу иштейсиң деп сабашты. Көздөрүм ошондон улам көгөрдү. Мен митингде эч кандай кыйкырган эмесмин. Провокация да кылган эмес элем. Акыркы убакта атамдын ден соолугу оор болууда. Ошондуктан көзү тирүүсүндө үй камагына чыгарууну өтүнөм", - деди Шамшидин уулу.
Бирок судья ал өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.