Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев Жапаровдун акталышы керектигин айтты.
"Сот адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту талап кылат. Жапаровдун митингди уюштурганы боюнча менде далил жок. Мен аны күнөөлүү деп эсептебейм. Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденбесе ал акталышы керек", - деди Каптагаев.
Ал эми жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Садыр Жапаровдун иши башталгандан бери эле мыйзам бузуучулук менен коштолууда. "Ак жол" чек ара бекетинен да мажбурлоо жолу менен УКМКнын кызматкерлери кармап келишти. Жапаровду кармагандан кийин 3 саатта чыгарыш керек болчу. Бирок мында да мыйзам бузулду. Жапаровдун 2 колун, моюнунун кесилгенине бүтүндөй коомчулук ишенген жок. Анткени адам бир убакта 2 колу менен моюнун кесе албайт. Мунун баарында Жапаровду кыйноо аракети болгон деп эсептейм. Жактоочулардын келтирген бир нече өтүнүчтөрүн сот канааттандырган жок. Сот мыйзамдарды тебелеп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды. Бул Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш болуп эсептелет", - деди.